Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет

 Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет

Кыргызстанда 15-сентябрдан тарта көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүшүн алдын алуу жана калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынды.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы КР министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун тартибине ылайык, мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрөт.

Связанный пост