Кыргызстанда көмүрдүн айрым түрлөрүн унаа менен экспорттоого чектөө киргизилди

 Кыргызстанда көмүрдүн айрым түрлөрүн унаа менен экспорттоого чектөө киргизилди

15-октябрдан тартып Кыргызстанда көмүрдүн айрым түрлөрүн унаа менен экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул чаралар ички рынокто көмүрдүн тартыштыгын болтурбоо жана баанын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилинде кабыл алынды.

Чектөөлөр көмүрдү автомобиль транспорту менен экспорттоого жана ташып чыгуу иштерине гана тиешелүү.

“Ал эми темир жол транспорту аркылуу көмүрдү ташып чыгууга, ошондой эле майда фракциядагы көмүрдү сатууга жана ташууга эч кандай чектөөлөр киргизилген жок — бул багыттагы иш кадимки тартипте улантылууда”, – деп айтылат маалыматта.

Көмүрдүн ири фракциясын автомобиль транспорту менен экспорттоо иши ички суроо-талап турукташкан учурда жана абал жакшырганда кайрадан жандандырылат.

Связанный пост