Кыргызстанда күздүк дан эгиндерин себүү иштери 62,4 пайызга аткарылды
Кыргызстанда күздүк дан эгиндерин себүү жумуштары 62,4 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күздүк себүү жумуштары республика боюнча 250 миң гектар аянтка пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын ичинен 155,6 миң гектар жер айдалып, жалпы пландын 62,4 пайыз аткарылды.
Күздүк дан эгиндердин ичинен буудай 147,6 миң гектар аянтты түзүп, анын 66,6 миң гектары кайрак жерлерге, 80,9 миң гектары сугат аянттарга себилди. Ал эми күздүк арпа жалпы 8037,5 гектарга эгилген болсо, анын ичинен 2976,9 гектары сугат, 5060,6 гектары кайрак жерлерге туура келет. Облустар боюнча:
Баткен облусунда 7,3 миң га себилип, анын 6,53 миң га күздүк буудай (сугат — 4148,0 га, кайрак — 2385,0 га), 793 га күздүк арпа (сугат — 363 га, кайрак — 430 га) түздү.
Жалал-Абад облусунда 16,0 миң га себилип, анын 15,2 миң га күздүк буудай (сугат — 6226,0 га, кайрак — 9011,7 га), 931,5 га күздүк арпа (сугат — 40,5 га, кайрак — 891 га) түздү.
Ош облусунда 17,1 миң себилип, анын 16,7 миң га күздүк буудай (сугат — 7931,0 га, кайрак — 8749,0 га), 434 га күздүк арпа (сугат — 65 га, кайрак — 369 га) түздү.
Талас облусунда 5,3 миң га күздүк буудайдын айдоосу толук бүткөрүлүп, анын бардыгы сугат жерлерге себилди.
Чүй облусунда 100,2 миң га себилип, анын 94,5 миң га күздүк буудай (сугат — 37,4 миң га, кайрак — 57,1 миң га), 5 879,0 га күздүк арпа (сугат — 2599,0 га, кайрак — 3280 га) түздү.
Ысык-Көл облусунда 9,2 миң га себилип, анын 9,2 миң га күздүк буудай (сугат — 5582 га, кайрак — 3697 га) түздү.