Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы жогорулашы мүмкүн

 Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы жогорулашы мүмкүн

Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу майлардын баалары жогорулайт деп божомолдоодо.

Ассоциациянын маалыматы боюнча, 2025-жылдын алгачкы 5 айында Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда мунай продукцияларын сатуу бааларынын динамикасы орточо өсүштү көрсөткөн.

2025-жылдын июнь айынан баштап Санкт-Петербургдагы эл аралык соода биржасында мунай продукцияларынын баасынын жогорулашы байкалууда. 2025-жылдын август айында АИ-95 жана АИ-92ге карата биржа котировкалары тарыхый чекти бир нече жолу жаңыртты: АИ-92 71,3 миң рубль/тоннага жеткен, АИ-95 80 миң рубль/тоннадан, ал эми дизель майы 60 миң рубль/тоннадан ашкан.

Биржадагы баалардын жогорулашына суроо-талаптын сезондук өсүшү жана мунай иштетүүчү заводдордо адаттагыдай эле июнь айынан августка чейин пландык жана пландан тышкаркы оңдоо иштеринин жүргүзүлүшү өз таасирин тийгизди. Пландан тышкары оңдоо иштери Россиянын мунай заводдоруна учкучсуз учактардын чабуулунун натыйжасында келип чыкты. Бул факторлор Россия Федерациясында мунай продукцияларын өндүрүүнүн төмөндөшүнө жана алардын бааларынын өсүшүнө таасирин тийгизген. Бул жагдайга тынчсызданган орус өкмөтү күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасын жогорулатып, ички рынокто тартыштыкка жол бербөө үчүн 2025-жылдын август айынан сентябрга чейин бензин экспортуна тыюу салган. Ошого карабастан, бүгүнкү күндө Россия Федерациясынын айрым аймактарында мунайзат тартыштыгы байкалууда.

“Ошол эле учурда бензинди экспорттоого тыюу салуу Кыргызстанга тиешелүү эмес, анткени Россия Федерациясынан мунай продукцияларын жеткирүү боюнча кол коюлган өкмөттөр аралык келишим бар. Бирок бул чара мунай иштетүүчү заводдордун экспорттук бааларынын жогорулашына алып келди, анткени өндүрүштүн көлөмү азайды, ага жараша Россиянын мунай продукцияларынын рыногунда сунуштар да кыскарган.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда баанын кескин өсүшү байкалган жок, бирок жогоруда айтылган тышкы факторлорду эске алганда, июль айынан баштап күйүүчү-майлоочу майдын баасы акырындык менен көтөрүлүп жатат, анткени трейдерлер жогорку баада сатып алган көлөмдөрдү сата башташкан. Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун сатуу бааларынын өсүүсүн эске алуу менен Кыргызстанда мунай продукцияларына чекене баанын андан ары өсүшү болжолдонууда. Бүгүнкү күндө Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда сатуу бааларынын кескин жогорулашына карабастан, Кыргызстандагы нефтетрейдерлердин негизги милдети – бул биздин өлкөнүн күйүүчү май рыногунда тартыштыкты болтурбоо болуп саналат”, – деп айтылат маалыматта.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынан белгилешкендей, Кыргызстан калкты мунай продукциялары менен камсыз кылууда импортко көз каранды. Күйүүчү-майлоочу майлардын негизги импорту, бул 95%ы Россия Федерациясынан келет. Мындан улам Россия Федерациясындагы мунай продукциясынын экспорттук баасынын өсүшү Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын өздүк наркына түздөн-түз таасирин тийгизет. Ошондой эле белгилеп кетүүчү жагдай, Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары Россия Федерациясынан мунай продукцияларын импорттоого көз каранды болгон коңшу өлкөлөргө – Тажикстан жана Өзбекстанга салыштырмалуу региондо эң төмөнкү баалардын бири болуп калууда.

Связанный пост