Кыргызстанда “Ишкер 24” мобилдик тиркемесин 25 миңден ашуун ишкер колдонууда

 Кыргызстанда “Ишкер 24” мобилдик тиркемесин 25 миңден ашуун ишкер колдонууда

Кыргызстанда “Ишкер 24” мобилдик тиркемесин 25 миңден ашуун ишкер колдонууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Ишкер” кызматташуунун долбоордук кеңсесинин жетекчиси Татьяна Шахин “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Ишкер 24” чакан жана орто бизнеске жаңы салык реалдуулугуна байланыштуу бухгалтерди жалдабоого мүмкүнчүлүк түздү.

“Ишкер 24” тиркемесин жылына 15 млн сомго чейин жүгүртүүсү бар ишкерлер колдонушууда. Анын жардамы менен отчетторду оңой жана жөн гана тиркеме аркылуу суралган маалыматтарды толтуруп коюуга болот. Учурда тиркемени колдонгондордун саны 25 миңден ашты, ишкерлерге өтө чоң пайдасы тийип жатат. Телефонуңуздан эле бизнесиңизди башкарып, убакытыңызды үнөмдөңүз. Анткени “Ишкер 24” сиздин бизнеске “бирдиктүү терезедеги” санарип жардам”, – деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-июлдан тартып патент менен соода-сатык кылуу токтотулуп, көзөмөл-кассалык машинаны (ККМ) милдеттүү колдонуу тартиби күчүнө кирген.

 

 

“Ишкер 24” мобилдик тиркемесинде чакан жана орто ишканалар үчүн салыктык кызматтардын бардыгы жеткиликтүү болууда. Бул тууралуу “Элдик Банк” ААК башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Ишкер 24” мобилдик тиркемеси аркылуу ишкерлер Мамлекеттик салык кызматы менен аралыктан эле электрондук-эсеп-фактураларды (ЭЭФ) жана электрондук-товар-транспорт коштомо кагазын (ЭТТК) тапшырышууда.

“Бизнес үчүн “Ишкер 24” тиркемесинин алкагында ЭЭФ менен 2024-жылдын сентябрынан баштап иштеп жатышат. Бүгүнкү күндө ЭТТК боюнча ишкерлер товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда аларга карата берилген ЭТТКны көрүү, ырастоо же жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат. Ошондой эле виртуалдык кампаларды түзүүгө, ташуу ыкмасы, товарлардын тизмеси, маркировка коддорунун тизмеси тууралуу толук маалыматты алууга болот”, – деди ал.

Уланбек Ногаев белгилегендей, 2025-жылдан баштап “Ишкер 24” мобилдик тиркемесин ЖЧКлар үчүн да жеткиликтүү кылуу пландалууда.

“Мобилдик тиркеме 2024-жылдын сентябрына карата бизнес үчун зарыл болгон негизги салык кызматтарын толук көрсөтүп жатат. Ишкерлер үйүнөн же кеңсесинен чыкпай эле бизнесин башкарууну жеңилдеткен кошумча каржы кызматтарын ишке киргиздик. Банктык эсепти онлайн ачууну биз биринчилерден болуп ишке ашырдык. Ошондой эле QR аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу, банк картасын онлайн тартибинде алуу жана башка кызматтар жеткиликтүү болду”, – деп кошумчалады “Элдик Банк”ААК башкармалыгынын төрагасы.

Ал эми “Ишкер” компаниясынын IT эксперти Азамат Долубаев пикиринде, бүгүнкү күндө “Ишкер 24” мобилдик тиркемесинде булут электрондук кол тамганы аралыктан алууга, төлөмдөрдү түзүүгө жана кабыл алууга ишкерлер үчун шартар түзүлдү.


“Салык карыздарын текшерүүгө жана салыктарды төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат. ККМ онлайн каттоо, салык отчетторун түзүү жана берүү ишти кыйла жеңилдетти десек болот”, – деп белгиледи ал.

 

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост