Кыргызстанда инвестициянын көлөмү өсүүдө

Кыргызстанда ички жана тышкы инвесторлордун катышуусунда инвестициялык келишимдерге кол коюлуп, аларды ишке ашыруу иштери уланууда. Буга акыркы жылдары өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар иштердин аткарылышы оң жыйынтыктарды көрсөтүп жатат. “Кабар” агенттигине президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 2024-жылы өлкөгө келген чет өлкөлүк инвестициялар тууралуу маалымат берди.
Кыргызстан үчүн Кытай эң ири тышкы инвестор бойдон калууда. Алсак, Кытайдан жалпы инвестициянын 29,7%ы (221,5 млн АКШ доллары) келсе, Россиядан 192,8 млн АКШ доллары (25,8%), андан ары Түркия – 71,3 млн АКШ доллары (9,6%), Казакстан – 48,9 млн (6,6%), Нидерланддардан 33,1 млн АКШ доллары (4,4%) суммасына бааланган инвестиция келген. Мындан тышкары, 2024-жылы КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн 456,6 млн АКШ доллары келип түшкөн (жалпы тике чет өлкөлүк инвестициялардын 61,1%), бул эл аралык инвесторлордун кызыгуусунун жогорку деңгээлин, ошондой эле инвестициялык активдүүлүктүн турукташтырылганын көрсөтүүдө деп белгилешти агенттиктен.
Инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган бир катар иштер оң натыйжаларды берди:
– мамлекеттин саясаты;
– жаңы өндүрүштөрдү ачуу үчүн реформалар;
– мамлекеттик кызматтарды алуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;
– бизнес-чөйрөнүн ачыктыгын жогорулатуу;
– бюрократияны минималдаштыруу;
– жаңы ишканаларга салык жеңилдиктерин берүү.
Инвесторлор энергетика тармагына, өзгөчө гидроэнергетикалык долбоорлорго жана күн жана шамал энергиясы сыяктуу кайра жаралуучу энергия булактарына кызыгууда. Тоо-кен тармагына да инвестициянын олуттуу көлөмү туура келет, ал эми агроөнөр жай сектору экологиялык жактан таза продукцияга суроо-талаптын жогору болушу менен мүнөздөлөт.
Ошондой эле Кыргызстандын уникалдуу жаратылышы жана тарыхы менен жигердүү өнүгүп келе жаткан экологиялык жана маданий туризмге кызыгуунун активдүү өсүшү байкалып жатканы белгиленүүдө.
Мындан тышкары, IT тармагында, турак жай, коммерциялык объектилердин курулушунда жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу өнүгүү бар. Банк секторуна, микрофинансылык жана финтех-компанияларына кызыгуу өсүүдө.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи 9 айында Кыргызстанга тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 746, 9 млн АКШ долларын түзгөн. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 92,3 млнн АКШ долларына (14,1%) өскөнүн көрсөтүп турат, анда тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 654,6 млн АКШ долларына жеткен.
Булак “Кабар” агенттиги