Кыргызстанда илим кызматкерлеринин эмгек акысы 100%га чейин көтөрүлөт

Министрлер кабинети илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө токтом кабыл алды.
Бул токтом илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, КР президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы «КР Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине жана «Илим» бөлүмү боюнча каржыланган илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыккан.
Токтомдо илим кызматкерлеринин турмуш деӊгээлине терс таасирин тийгизип жаткан инфляциянын азыркы темптери, ошондой эле алардын социалдык жактан корголуусун жогорулатуу жана эмгек шарттарын жакшыртуу зарылчылыгы эске алынды. Эмгек акыны азыркы деӊгээлинен 70 пайыздан 100 пайызга чейин жогорулатуу илим кызматкерлеринин материалдык абалын бир кыйла жакшыртууга багытталган, бул алардын профессионалдык жактан ɵнүгүүсүнɵ жана мотивациясынын жогорулашына шарт түзɵт.