Кыргызстанда фрирайд боюнча эл аралык турнир өтөт
Young male skier skiing in fresh snow through the trees in austrian ski resort
2026-жылдын 15-16-17-январь күндөрү “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен бирге, фрирайд боюнча турнир өткөрөт.
Ишканадан билдиришкендей, 15-январь күнү даярдык катары Каракол лыжа базасында ар кандай машыгуулар жана коопсуздук боюнча окутуулар өтөт. Ал эми 16-январь күнкү негизги мелдеш жаңы курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” курортунун аймагында болот.
Турнирге Кыргызстандык өкүлдөр менен катар эле 20 га чукул мамлекеттен келген лыжа сүйүүчүлөр: жаңы үйрөнчүктөр, кесипкөй лыжачылар жана аялдар арасында категорияларында күч сынашат.
“Негизги максат Кыргызстанды эл аралык кышкы туризм багыты катары жайылтуу жана мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү. Ошондой эле экстремалдык спортту өнүктүрүү жана эл аралык жана жергиликтүү спортчулар үчүн тажрыйба алмашуу аянтчасын түзүү”, – деп айтылат маалыматта.
“Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы лыжачылар жана сноубордчуларды турнирге катышууга чакырат.
Фрирайд (freeride) — бул даярдалбаган, атайын трассалардан тышкары жерлерде лыжа же сноуборд тебүү.