Кыргызстанда фирмалык аталыштарда диний терминдерди колдонууга тыюу салынды

 Кыргызстанда фирмалык аталыштарда диний терминдерди колдонууга тыюу салынды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

 

Мыйзамдын максаты юридикалык жактардын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди жана аныктамаларды пайдаланууга тыюу салган укуктук ченемдерди түзүү болуп саналат.

 

Мында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 89-беренесинин 1-бөлүгү уставында пайда алуу негизги максат катары коюлбаган диний коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактардын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди, аныктамаларды колдонууга жол берилбейт деген ченем менен толукталат.

 

Ал эми диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин, аныктамалардын тизмеги жана аларды пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Связанный пост