Кыргызстанда фермерлерге 6% менен айыл чарба техникалары жеткиликтүү

 Кыргызстанда фермерлерге 6% менен айыл чарба техникалары жеткиликтүү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги фермерлердин машина-трактордук паркын айыл чарба техникалары менен жаңылоо жана камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2011-жылдан бери министрликтин демилгеси жана министрлер кабинетинин “Айыл Банк жана “Элдик Банк” аркылуу колдоосу аркылуу 7 лизингдик долбоор ишке ашырылууда.

Бул долбоорлордун алкагында айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар лизингге 7 жылдык мөөнөткө 6% менен жеңилдетилген негизде берилип жатат.

Бүгүнкү күндө мамлекеттин колдоосу менен фермерлерге жалпы суммасы 27,9 млрд сомдук 9863 даана техники берилди. Анын ичинен 9,8 млрд сомдук 2853 айыл чарба техникасы былтыр берилген.

Связанный пост