Кыргызстанда электромобилдер үчүн кубаттоочу станциялар тармагы кеңеет
Учурда энергетика министри Таалайбек Ибраев иш сапары менен Кытайда жүрөт.
Ведомстводон маалымдашкандай, министр алгач Чжухай шаарындагы өндүрүштүк заводдун жана ShuiFa Group корпорациясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда Парткомдун мүчөсү, ShuiFa корпорациясынын директорунун орун басары Янг Бин менен жолукту.
Анда энергетика тармагында кызматташууну тереңдетүү, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Жыйынтыгында Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен ShuiFa Group корпорациясынын ортосунда энергетикалык инфраструктура, анын ичинде кубаттоо станцияларын жана энергияны сактоо системаларын өнүктүрүү жаатында кызматташууга багытталган меморандумга кол коюлду.
Мындан тышкары, Ибраев NUCL New Energy Tech компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Юлинь Лян менен жолукту. Анда электр кубаттоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү, заманбап чечимдерди ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.
Энергетика министри Кыргызстанда орнотулуп жаткан электр кубаттоо станциялары тууралуу маалымат берип, аларды орнотуу жана өнүктүрүү учурдун талабы экенин белгиледи.
Өз кезегинде NUCL New Energy Tech компаниясынын өкүлү Энергетика министрлиги менен кызматташууга даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, кыргыз делегациясы электромобилдер үчүн кубаттоочу станцияларды чыгарууга адистешкен Zhejiang Anfu Energy компаниясынын өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жабдууларды жеткирүү жана технологияны локалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн жана кызматташууну макулдашты.