Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 7 пайызга өстү
Кыргызстанда бүгүнкү күндө, чакан ГЭСтерди жана ЖЭБдерди кошкондо, жылына 14 млрд 500 млн кВт саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө талап кылынып жаткан электр энергиясы 20 млрд кВт саатка жакын болуп, натыйжада тартыштык 4 млрд 300 млн кВт саатка жетүүдө.
“Жетишпеген электр энергиясын импорттоо жолу менен камсыздап жатабыз. 2025-жылы жетишпеген электр энергиясы Түркмөнстандан, Өзбекстандан, Казакстандан жана Россиядан импорттолду. Бизде кубаттуулукту кошконго караганда, электр энергиясын керектөө күндөн-күнгө өсүп жатат. Жыл сайын электр энергиясына болгон суроо-талап өсүп, быйылкы эсеп менен караганда, керектөөнүн өсүшү 7 пайыздан ашты. Жалпы КМШ өлкөлөрү боюнча алсак, чоң мамлекет Россияда керектөө 1,5–3 пайызга чейин көтөрүлөт. Ал эми бизде керектөөнүн өсүшү 7 пайыздан ашып кетти”, — деди министрдин орун басары.
Ошондой эле ал 2026-жылга жетишпеген электр энергиясы боюнча эсептөөлөр жүргүзүлүп, импорттоо жолу менен камсыздоо иштери да пландалып жатканын кошумчалады.