Кыргызстанда эки майнинг ферманын иши убактылуу токтотулду
Кыргызстанда эки майнинг ферманын иши убактылуу токтотулду. Иши качан жанданары азырынча белгисиз. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө келишим түзүп, мыйзам чегинде иштеген эки майнинг ферма бар. Алар электр энергиясын Россиядан транзит менен алып келишкен. Өлкөдө электр энергиясы тартыш болуп жаткандыктан, коомчулук электр энергиясы ушу майнингдерге кетип жатат деп ойлоп жатат.
Мындан улам министр электр энергиясынын айланасында маселе жаралбашы үчүн эки майнинг ферманын жарыгы өчүрүлгөнүн айтты.
“Өлкөдө мыйзам чегинде иштеген эки майнинг ферма бар. Алар “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому менен келишим түзгөн. Бүгүнкү күндө экөө тең өчүрүлдү. Булар электр энергияны бизден алган жок, алар Россиядан алып жатканына байланыштуу бизге транзитке каражат төлөшчү. Эгерде ишенбесеңер жеринен көрүп келсеңиздер болот. Бул өзгөчө көзөмөлдө турат. Россиядан келген электр энергия бизге келип түшөт. Андан кийин майнинг фермага жеткирилет. Алар 2023-жылдан тартып, 2025-жылдын он айына карата 22 млн сомдон ашык каражатты транзитке төлөп берди. Бул 240 миң долларды тегерегиндеги каражатты түзөт. Биз коомчулукка түшүндүрдүк. Бул электр энергия биздики эмес экендигин. Инвестор менен келишим түзүлгөн. Бизде майнинге уруксат берилген, депутаттар кабыл алган мыйзам бар. Алар мыйзам чегинде инвестиция кылып, салыктарды төлөп жатат. Биз коомчулукка көрсөтөлү майнинг өчүп турган убакта дагы генерациябыз жетпей жаткандыгын деп экөө тең өчүрүлдү. Эл ойлоп жатат, электр энергиянын баары ошол майнингдерге кетип жатат деп. Жок, кеткен жок, мына “ач кулактан, тынч кулак” деп өчүрдүк”, – деп белгиледи министр.
Таалайбек Ибраев майнинг фермалардын иши качан жанданары белгисиз экенин айтты.
“Элибизди 5 кВт электр энергиясы менен камсыздап баштаганда ойлонуп көрөбүз. Качан алар ишин жандандырат аны мен азыр айта албайм. Марттын аягы апрелдин башына чейин өчүп турат”, – деди ал.