Кыргызстанда эчки жана жылкы баккан мыкты фермерлер аныкталды

 Кыргызстанда эчки жана жылкы баккан мыкты фермерлер аныкталды

Айыл чарба министрлиги өлкөдөгү асыл тукум жылкы жана тыбыт-кашемир багытындагы эчки баккан мыкты фермерлерди аныктады.

Ведомстводон билдиришкендей, 2017-жылдан бери уяң жүндүү эчки багып келе жаткан фермер Сабыр Тойгонбаев жыл сайын бир эчкиден 250 граммга чейин тыбыт-кашемир жүнүн алып, кирешесин көбөйтүп келет. Орто эсеп менен 100 эчкиден 135тен улак алып, жыл сайын 30-40 эчки сатат.

Ал эми, жылкычы Зейнеп Касымова 30 жылдан бери жаңы кыргыз жылкы породаларын багып келет. 2010-жылы анын чарбасына “асыл тукум жылкы чарбасы” макамы ыйгарылган. Учурда Зейнеп Касымованын карамагында кыргыздын жаңы породасындагы 115 жылкы бар. 2024-жылы 87 бээден 74 кулун алган. Ал дайыма улуттук оюндарда байгелүү орундарды багындырып келет.

Связанный пост