Кыргызстанда эң көп азык-түлүктүн баасы кымбаттады

 Кыргызстанда эң көп азык-түлүктүн баасы кымбаттады

Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 5,1 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мында,  баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 7 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 4,7 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 3 пайызга жана калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 3,2 пайызга  жогорулаган.

Бул аралыкта республиканын бардык аймактарында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы байкалды.

Муну менен бирге баалардын максималдуу өсүшү – 6,5 пайыз Чүй облусунда катталды, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баанын (9,6 пайызга) жогорулашы менен шартталды.

Ал эми алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баанын жогорку өсүшү (9,7 пайыз) Ош шаарында, азык-түлүк эмес товарларга (4,5) Ыссык-Көл облусунда, калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер боюнча (8,2 пайыз) Талас облусунда белгиленди.

Связанный пост