Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге 4,8 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

 Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге 4,8 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

2025-жылдын 1-январына карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында 12 миң 108 айылдык товар өндүрүүчүгө жеңилдетилген насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, насыянын көлөмү 4 млрд 861 млн 71 миң сомду түздү. Анын ичинен:

  • “Мал чарбачылык” тармагы боюнча – 4 млрд 379 млн 99 сом сом суммасында 10 миң 664 субъектке;
  • “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча – 481 млн 72 миң сом суммасында 1 миң 444 субъектке берилди.

Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтар катышууда. Каржылоонун көлөмү 5 млрд сомду түзөт.

2025- жылдын 1-январына карата аталган долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат (млн сом)

Связанный пост