Кыргызстанда Диснейленд курулат

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен Чүй райондук администрациясы АКШ, БАЭ, Кытай жана Түштүк Кореядагы эстетикалык парктарды өнүктүрүү менен белгилүү болгон америкалык IdeAttack, Inc. компаниясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоордун алкагында Кыргызстанда биринчи жолу эл аралык деңгээлдеги тематикалык парк Чүй районунда, Токмок шаарына жакын жерде курулат. Бүгүнкү күндө 50 гектар жер тилкеси бөлүнүп, 2024-жылдын башынан тарта сүйлөшүү жана даярдык иштери жүрүп келет.
Долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Борбор Азиянын жомоктогудай архитектурасы;
- “Манас” эпосуна негизделген аттракциондор;
- Улуу Жибек жолунун кербен жолдорун чагылдырган аймактар;
- Улуттук музыка, бий, театрлаштырылган жомоктор;
- Боз үй жасоо, кийиз өнөрү, ат үстүндө жүрүү жана салттуу ашкананы үйрөнүүчү мастер-класстар.
Бул долбоор IdeAttack компаниясынын Борбор Азиядагы алгачкы ишке ашырылып жаткан тематикалык паркы болуп саналат. Ал Кыргызстанды дүйнөлүк туристтик картага чыгарууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн бай маданиятын таанытууга чоң өбөлгө болот.