Кыргызстанда дээрлик 41 миң жаран расмий жумушсуз деп катталган
Кыргызстанда 40 миң 968 жаран расмий жумушсуз деп катталган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткүл Мукамбетов “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бул мыйзам чегинде документтери туура болуп, расмий түрдө катталган жарандар. Ал эми жалпы жумуш издеп кайрылгандардын саны болсо 59 миң 600 адамды түзөт.
“Расмий түрдө жумушсуз деп турган жарандарыбызга атайын министрлик тарабынан уюштурулган маалымдоо иш-чараларыбыз бар. Мурда ушул расмий түрдө катталган жарандарыбызды эле активдүү иш-чараларга тартып келгенбиз. Учурда жалпы жумуш издеп жаткандарды дагы бул иш-чараларга катыштырып жатабыз. Аларга дагы толук кандуу маалымат берип жатабыз”,-деди ал.
Мукамбетова белгилегендей, министрликтин аймактарда атайын Иш менен камсыздоо бөлүмдөрү бар.
“Ал жактагы биздин кызматкерлер атайын кеңеш берүү үчүн окуудан өткөрүлөт. Жумуш издеп келген жаран сөзсүз түрдө бир маселе менен кайрылат. Биздин биринчи милдет, аларга кеңеш берүү менен алардын маселесин чечүүгө жардам берүү ”,-деди ал.
Булак “Кабар” агенттиги