Кыргызстанда “Дарыгердин депозити” программасында 200 жаш дарыгер бар

 Кыргызстанда “Дарыгердин депозити” программасында 200 жаш дарыгер бар

Кыргызстанда “Дарыгердин депозити” программасында 200 жаш дарыгер бар. Алар ар бир квартал сайын 35 миң сом кошумча акча алат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жыйынында билдирди.

 

Анын маалыматына караганда, аталган программа 2019-жылы – 175 орун болсо, 2024-жылы кошумча 25 орун бөлүнүп, жалпы саны 200 орунду түздү. Анын ичинен 51 орун Үй-бүлөлүк дарыгерлерге каралган.

 

Маалымат үчүн: 2023-жылы бюджеттик негизде ординатураны 431 киши бүтүргөн. Алардын 216 (50,1%) бүтүрүүчү облустардагы саламаттык сактоо уюмдарына бөлүштүрүлгөн.

Связанный пост