Кыргызстанда дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери 80 пайызга аяктады

 Кыргызстанда дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери 80 пайызга аяктады

Учурда Кыргызстанда дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпы 535,0 миң га, же 80,1 % аянтта жүргүзүлүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 112,6 миң гектарга көп. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, буудай, арпа, жугөрү, картошка, жашылча, кант кызылчасы жана май өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү өткөн жылдарга салыштырмалуу жакшы деп бааланууда.

– Буудай 233,5 миң гектар аянтта (97,1 %) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 47,9 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүгү 28,9 ц/га болуп, 2023-жылга салыштырмалуу 5,2 ц/га жогору;
– Арпа 237,7 миң га аянтта (94,8 %) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 47,0 миң га көп. Арпанын эң жогорку түшүмдүүлүгү Чүй облусунда 29,5 ц/га жетүүдө;
– Жүгөрү (дандык) жалпы 30,1 миң га аянтта (27,4 %) жыйналды. Дүң жыйым 219,4 миң тонна болуп, бул 2023-жылга караганда 31,8 миң тоннага жогору. Эң жакшы түшүмдүүлүк Ош облусунда – 85,6 ц/га;
– Чанактуулар жалпы 30,6 миң га аянтта (57,4 %) жыйналды. Эң жакшы түшүмдүүлүк Талас облусунда – 14,3 ц/гектар;
– Картошканын 30,5 миң га (46 %) казылып алынып, орточо түшүмдүүлүк 170,3 ц/га болду, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,5 ц/га жогору. Ысык-Көл жана Чүй облустарында түшүмдүүлүк 181-183 ц/га түзүүдө;
– Жашылчанын дүң жыйымы 864,0 миң тонна, бул 2023-жылга салыштырмалуу 87,2 миң тоннага көп. Бахча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 265,1 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга караганда 65,9 миң тоннага жогору болду;
– Май өсүмдүктөрүн жыйноо иштери 9,7 миң га түзүлүп, түшүмдүүлүк 11,7 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,5 миң га көп;
– Кант кызылчасы 1,5 миң гектардан казылып алынып, учурда орточо түшүмдүүлүк 673,3 ц/га түзүүдө. Быйыл бул өсүмдүктүн түшүмдүүлүгү жогорку деңгээлде болууда.

Связанный пост