Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун биринчи этабы башталды

Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзамдаштыруу 2025-жылдын 1-октябрына чейин созулат жана төмөнкү үч этаптан турат:
- Биринчи этап – укук белгилөөчү документтер болгон учурда, чет өлкөлүк номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу.
- Экинчи этап – тиешелүү техникалык абалындагы, укуктуу документи жок унааларды мыйзамдаштыруу.
- Үчүнчү этап – менчик ээлерине укук белгилөөчү документтери жок (запастык бөлүктөргө сатуу, өлкөдөн алып чыгуу, утилдештирүү ж.б.) транспорт каражаттарын ээликтен ажыратуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
Учурда легалдаштыруу жол-жобосу мамлекеттик агенттиктин бардык аймактык бөлүмдөрүндө биринчи этапка кирген унаалар үчүн бар. Мыйзамдаштыруунун экинчи этабы болжолдуу түрдө май айында башталат.