Кыргызстанда биринчи жолу сот отурумдары түз эфирде көрсөтүлө баштады

 Кыргызстанда биринчи жолу сот отурумдары түз эфирде көрсөтүлө баштады

Жогорку сот тарабынан реалдуу соттук отурумдарды ачык видео трансляциялоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул ар бир жаранга сот адилеттигинин кандайча иштеп жаткандыгын көрүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн маанилүү кадам.

Белгиленгендей, 2025-жылдын ноябрь, декабрь айларында ар түрдүү категориядагы иштер боюнча сот отурумдарын видеого тартуу башталды.

Долбоордун башкы максаты — сот адилеттигин калк үчүн мүмкүн болушунча ачык жана түшүнүктүү кылуу болуп саналат. КР Жазык-процесстик кодексинин 290-беренесин практикалык жүзөгө ашыруу, процесс катышуучуларынын өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси менен сот отурумдарын реалдуу убакыт режиминде онлайн-трансляциялоого шарт түзөт. Мындай түз эфир теле-радио аркылуу жана интернетте жүргүзүлүшү мүмкүн.

Ачык сот отурумдарын трансляциялоо — сот системасынын жарандар менен өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы деңгээли. Бул ыкма укуктук маданиятты жогорулатууга, сот адилеттигине болгон ишенимди бекемдөөгө жана коомдо укук бузуу фактыларынын алдын алууга жардам берет.

Бардык сот отурумдарынын видеожазуулары Жогорку соттун YouTube-каналына — “Жогорку сот Верховный суд” www.youtube.com/@JOGORKU_SOT) жеткиликтүү түрдө жайгаштырылат. Бул өз кезегинде каалаган адамдарга соттордун ишинин чыныгы практикасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетүүчү жагдай, видеоматериалдар пилоттук режимде даярдалган жана агартуу максатын гана көздөйт. Үчүнчү жактар тарабынан коммерциялык максатта пайдаланууга, ошондой эле автордук укук ээсинин уруксатысыз көчүрүүгө жана таратууга жол берилбейт.

Связанный пост