Кыргызстанда биринчи жолу мугалимдер эмгек өргүүсү үчүн 143 миң сомго чейин алышты

 Кыргызстанда биринчи жолу мугалимдер эмгек өргүүсү үчүн 143 миң сомго чейин алышты

Кыргызстанда мугалимдер эмгек өргүүсү үчүн 143 миң сомго чейин алышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, алган каражатынын аркасы менен Ысык-Ата районундагы мектеп мугалимдери Кара-Деңизге, Ысык-Көлгө жана башка курорттордо эс алууга мүмкүнчүлүк алышты.

“Мугалимдердин эмгек өргүүсү үчүн алган каражаты эмгек тажрыйбасына жараша 43 миң сомдон 143 миң сомго чейин жетти”, – деп белгиледи ал.

Дайырбек Орунбеков белгилегендей, акыркы жылдары мамлекет билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурууда. Мугалимдердин айлыгына удаалаш эле, өлкө боюнча жыл сайын жүздөгөн мектептердин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилип жатат.

“Өткөн жылы эле 111 мектеп колдонууга берилди, бул жылы дагы жүздөн кем эмес мектептин имараты бүтөт. Мамлекет билимге болгон саясатын жакшыртканынын натыйжалары көрүнө баштады. Мисалы, жакында Улуу Британияда өткөн дүйнөлүк Олимпиадада окуучуларыбыз алтын, күмүш медаль алышты”, – деп кошумчалады Дайырбек Орунбеков.

Связанный пост