Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров көчмө жыйын өткөрдү

Ишемби күнү борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө мэр  орун басарларына жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине бир катар протоколдук тапшырмаларды берди. Ишембидеги кыдыруу учурунда ал коомдук мончонун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Борбордук көчөлөрдөгү имараттардын фасадына өзгөчө көңүл бурду. Шаар башчысы ошондой эле имараттарды кеңейтүү көйгөйлөрүн жана жолдорго жанаша бак-дарактарды отургузуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле борбор калаанын мэри Абдрахманов көчөсүндөгү Москва көчөсү менен кесилишкен жердеги көрксүз имаратка көңүл буруп, Сейсмология институтуна аталган объекттин сейсмикалык туруктуулугун экспертизадан өткөрүүнү тапшырды.

Айни көчөсүндөгү сейил бакта 10 жылдан ашуун кароосуз калган тосулган  аянты турат. Калаа башчысы  Эмилбек Абдыкадыров бул аймактын мыйзамдуулугун тактап, ээсин табууга чакырды.

Мэр шаардын эстетикалык көрүнүшүн бузган ар кандай тосмолор демонтаждоо иштерин улантууну тапшырды.

Связанный пост