Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 448 айдоочу аныкталды
Кыргызстанда 19-февральдан тартып 25-февралга чейин бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча 20 миң 197 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ыдайык, анын ичинен:
– тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 364;
– мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 448;
– авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 40;
– жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1173;
– транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3138;
– вто ээнбаштык – 14;
– белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2854;
– жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
– башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 179;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1431 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.