Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 176 айдоочу аныкталды

 Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 176 айдоочу аныкталды

Кыргызстандын аймагында 1-июлдан 7-июлга чейин алдын ала маалымат боюнча 20 миң 589 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

 

тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 232;

мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 176;

авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 64;

жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 923;

транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 255;

авто ээнбаштык — 15;

белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 820;

жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 2;

башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 1 354;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 9 748 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

 

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост