Кыргызстанда бир жумада коронавирустун 3 учуру катталды
Кыргызстанда бир жумада коронавирус инфекциясынын 3 учуру катталды.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, Ош шаарында 1 жана Чүй облусунда 2 учур аныкталган.
Учурда коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу деп бааланууда.