Кыргызстанда бир жумада COVID-19дун 10 жаңы учуру аныкталды

 Кыргызстанда бир жумада  COVID-19дун 10 жаңы учуру аныкталды

Кыргызстанда бир жумада, 5-11-декабрга чейин, COVID-19дун 10 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, эки бейтап – ооруканага жаткырылган, сегизи амбулатордук дарыланууда.

Тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылдын 11 ай 11 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 806 учуру катталды, анын ичинен 19796 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2010у (9,2%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

Связанный пост