Кыргызстанда бир жумада 300гө жакын мас айдоочу аныкталды
Кыргызстанда 2024-жылдын 23-декабрынан 29-декабрына чейин 17 миң 447 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 500;
мас абалында унаа башкаруу – 293;
унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 69;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 402;
унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 886;
авто ээнбаштык – 8;
белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 464;
жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу – 4;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 821;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 964 унаа айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.