Кыргызстанда бир жумада 24,6 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

 Кыргызстанда бир жумада 24,6 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда 3-февралдан 9-февралга чейин алдын ала маалымат боюнча, 24 миң 619 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

– тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 658;
– мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 324;
– авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 227;
– жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 327;
– транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 826;
– авто ээнбаштык – 15;
– белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 794;
– жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
– башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 716;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 726  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост