Кыргызстанда бир жумада 244 мас айдоочу аныкталды

 Кыргызстанда бир жумада 244 мас айдоочу аныкталды

6-12-октябрь аралыгында алдын ала маалымат боюнча, өлкөдө 20 402 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 1310;
  • мас абалында транспорт каражатын башкаруу – 244;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 198;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 563;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3166;
  • авто ээнбаштык – 25;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3545;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 7;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 344;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 424 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост