Кыргызстанда бир жумада 23,2 миңден ашуун айдоочу жол эрежесин бузган
15-21-январь аралыгында Кыргызстандын аймагында 23 миң 240 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
– тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-251;
– мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -333;
– авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-49;
– жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 281;
– транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 648;
– авто ээнбаштык – 12;
– белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 405;
– жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
– башка жол эрежелерин бузуу фактылары –14260;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1210 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.