Кыргызстанда бир жумада 217 мас айдоочу аныкталды
Кыргызстанда 7-октябрдан 13-октябрга чейинки бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча, 18 миң 276 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 495;
- мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 217;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 56;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 457;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 860;
- авто ээнбаштык – 11;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 048;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 5;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 127;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 498 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.