Кыргызстанда бир жумада 21 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 26-февралдан 3-мартка чейинки аралыкта 21 миң 61 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы маалымдайт.
Анын ичинде:
- тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 251;
- мас абалында унаа башкаруу – 231;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 75;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 015;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 187;
- автоээнбаштык – 2;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 600;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 700;
Ошондой эле 1 208 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.