Кыргызстанда бир жумада 16 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстанда 28-октябрдан 3-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 15 миң 968 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 417 ;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 172;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 48;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 511;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 677;
- авто ээнбаштык – 7;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 619;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 8 515;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 351 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.