Кыргызстанда бир жумада 14,4 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстанда 4-ноябрдан 10-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 14 миң 382 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 389 ;
мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 200;
авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 36;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 336;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 454;
авто ээнбаштык – 7;
белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2 965;
жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 7 994;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 66 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.