Кыргызстанда бир жума 518 мас айдоочу кармалды

 Кыргызстанда бир жума 518 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда 17-февралдан  23-февралга чейинки бир жума аралыгында 518 мас айдоочу кармалды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 844;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 518;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 119;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 233;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4084;
  • авто ээнбаштык -12;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4200;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 8;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары –14 786;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3322  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост