Кыргызстанда бир суткада 322 ымыркай төрөлдү
Кыргызстанда бир суткада 322 ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Министрликтин маалыматы боюнча, жарыкка келген ымыркайлардын 170и эркек, 152си кыз. Алардын арасында эгиздер жок.
Жыл жаңырганда саат 00:01де Бишкектеги Перинаталдык борбордо 3100 грамм салмакта эркек бала төрөлдү.
Ушул эле убакта Ысык-Ата Жалпы дарыгерлик-практикалык борборунда 2930 грамм салмакта кыз жарык дүйнөгө келди. Ал эми саат 00:02де Кара-Суу аймактык ооруканасында 3235 грамм салмакта эркек бала төрөлдү.
Нарын облустук бириккен ооруканасында саат 00:20да төрөт мезгилинин 36-жумасында 2470 грамм салмакта эркек бала жарык дүйнөгө келди.
Министрлик жаңы жыл түнү тынч өткөнүн, медициналык кызматкерлер ымыркайларга жана энелерге квалификациялуу жардам көрсөтүшкөнүн белгиледи.