Кыргызстанда бир айда 26 үй-бүлө баштапкы төлөмү жок үй сатып алды
Бир айда 26 үй-бүлө “Келечек” продуктунун жардамы менен өз турак жайына ээ болду. Бул тууралуу Кепилдик фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул продукт алгачкы төлөмгө каражат жетишпеген жарандар үчүн натыйжалуу колдоо куралы катары калк арасында барган сайын популярдуулукка ээ болууда.
17-декабрга карата “Келечек” ипотекалык продукту ишке киргизилгенден бери жалпы суммасы 94,2 млн сомдон ашкан 78 кепилдик берилди. Бул жарандарга 379,1 млн сомдон ашык суммага ипотекалык кредит алууга мүмкүнчүлүк жаратты.
“Келечек” ипотекалык кепилдигин алты өнөктөш банк аркылуу алууга болот: “Айыл Банк”, “Элдик Банк”, “МБанк”, “Дос-Кредобанк” ААКтар, “Коммерциялык банк КСБ” жана “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” ЖАК.
“Келечек” продуктусунун негизги шарттары:
- үзгүлтүксүз эмгек стажы же ишкердик ишмердүүлүк — кеминде 12 ай;
- ипотекалык каржылоо суммасы — 10 млн сомго чейин;
- кепилдик камсыздоонун өлчөмү — сатып алынуучу турак жайдын наркынын 30 пайызга чейин;
- комиссия — кепилдик суммасынан 2 пайызы.