Кыргызстанда баңгизатка көз каранды адамдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов менен дарыгер-нарколог Жеңишбек Назаралиев баңгизатка көз каранды адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик системасын өнүктүрүү боюнча чараларды талкуулашты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр акыркы мезгилде синтетикалык баңгизаттардын, айрыкча жаштар арасында кеңири жайылышы өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жарата баштаганын белгиледи. Ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги алдын алуу жана реабилитациялык иштерди күчөтүүнү, анын ичинде Ички иштер министрлиги жана Агартуу министрлиги менен өз ара аракеттенүү аркылуу жалпы билим берүүчү мектептерде жана жогорку окуу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү көздөөдө.

Министрлик Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан инсульттан кийинки бейтаптарды реабилитациялоо борборунун базасында баңгизатка көз каранды адамдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борбор ачып, 80 орундуу керебет фондун уюштурууну пландаштырууда. Мында инсульттан кийинки бейтаптар медициналык көрсөткүчтөр боюнча Воронцовка айылындагы Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо боюнча илимий-изилдөө институтунда реабилитациядан өтүшөт.

Досмамбетов мыйзамсыз иш алып барган реабилитациялык борборлордун ишине жол берилбестигин айтып, жардам көрсөтүүнүн ачык жана көзөмөлдөнгөн мамлекеттик системасын түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ушул тобокелдиктерди эске алуу менен кийинки беш жылга арналган мамлекеттик баңгизатка каршы программанын иш-чаралар планы иштелип чыгып жатканы кошумчаланды.

Жеңишбек Назаралиев реабилитациялык борбордун ишмердүүлүгүн методикалык жактан коштоп берүүгө, ошондой эле реабилитация жана калыбына келтирүүчү дарылоо жаатында практикалык тажрыйбасы бар адистерди тартууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

Связанный пост