Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу (трансплантация) операциясы жасалат
Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу (трансплантация) операциясы жасалат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды.
“Бүгүн мамлекетибизде маанилүү окуянын башталышы болду. Жакшы билесиздер, арабызда бөйрөгүнөн, боорунан жана ички органдарынан жабыркагандар бар. Алар өтө чоң суммадагы каражаттарды сарптап, чет өлкөлөргө барып операция жасатып келишет. Каржылык мүмкүнчүлүгү жоктор тек гана өмүрү менен коштошуп, тагдыры аянычтуу аяктайт. Бул көйгөй президентибиз Садыр Жапаровду көп түйшөлтүп жүргөн. Жакында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан ары Кыргызстанда ички органдарды алмаштыруу, операция кылуу маселесин чечти. Ал үчүн Түркия мамлекетинен 120 адис Бишкекке келди”, – деп маалымдады Орунбеков.
“Семетей” мейманканасы ремонттолуп шарт түзүлдү, ал жерге түркиялык дарыгерлер жайгаштырылат. Бөйрөк ж.б ички органдарды алмаштыруу Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк “Достук” клиникасында жасалат. Тийешелүү заманбап лабороториялары даярдалууда.
“Мисалы, Белоруссияда бөйрөк алмаштыруунун чыгымы 65 миң, Түркияда 25 миң долларга бааланса, Бишкекте болжолдуу чыгымы 7 миң доллардын тегерегинде болот. Муну Орто Азияда жана кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу эң арзан деп айтсак болот. Келген адисттер операция жасаган учурларда жергиликтүү врачтарды үйрөтүшөт, келечекте кыргызстандык врачтар боор, бөйрөк органдарын алмаштырууга адистик тажрыйба алышат. Ушул жылдын август айында биринчи жолу Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат”, – деп белгиледи Орунбеков.