Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн

 Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Бул Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 15-январга карата Россия, Казакстан сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргызстандагы азык-түлүк продукцияларынын баасына жүргүзгөн салыштырмалуу мониторингинин жыйынтыгында белгилүү болду.

Ведомстводон маалымдашкандай, маниторинг нан азыктарынын, картошка, жашылча-жемиш, мөмө-жемиш, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы жана башкалардын баасын камтыган.

Анын жыйынтыгында Кыргызстандын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа коңшу Казакстандын базар бааларынан 6,9% га жана Россиядан 8,8 % га төмөн экендиги аныкталды.

Казакстанда бул аптанын ичинде азык-түлүктүн баасы туруктуу, болгону картошка болгон баа жогорулагандыгы байкалууда. Мисалга, Актөбөдө картошканын баасы 42 сом, Костонай облусунда 45 сом жана Караганда облусунда картошканын баасы 43 сомго чейин жетүүдө.

Связанный пост