Кыргызстанда аскердик билеттер жана эмгек китепчелери санарип форматка өттү
Президенттин администрациясынын аппараттык жыйынында аскердик билеттерди жана эмгек китепчелерди санариптештирүүнүн алгачкы жыйынтыктары угулду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев белгилегендей, аскердик билеттерди санариптештирүү процессин ишке киргизүү менен Кыргыз Республикасынын жарандары “Түндүк” мобилдик колдонмосу аркылуу санарип форматта колдоно алышат. Анын айтымында, бул мобилизациялык ресурстарды сапаттуу жана сандык эсепке алуу жана көзөмөлдү күчөтүү үчүн чоң кадам болуп саналат.
Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы “Е-Кызмат” системасынын базасында иштелип чыккан электрондук эмгек китепчеси “Түндүк” мобилдик колдонмосунан көрүүгө болорун белгиледи.
“Эмгек китепчени санариптештирүү бул жөн гана ыңгайлуулук эмес, маалыматтардын аныктыгынын жана корголушунун кепилдиги экенин белгилейм. Башкача айтканда, система жумушчулар үчүн гана эмес, жумуш берүүчүлөр үчүн да коопсуздукту камсыздайт. Эмгек китепчелерин санариптештирүү жөн гана технологиялык жаңылоо эмес. Жалпысынан, эмгек китепчелерин санариптештирүү менен ар бир жараныбыздын эмгек тарыхынын аныктыгын, маалыматтарынын коопсуздугун жана жеткиликтүүлүгүн түзүүгө карай маанилүү кадам жасадык”, – деди ал.