Кыргызстанда аралыктан добуш берүү боюнча 26 шайлоо тилкеси түзүлөт
Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү боюнча кошумча 26 шайлоо тилкеси түзүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын эске алуу менен жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.
Ошентип, аралыктан добуш берүү тилкелери Бишкек, Ош шаарларында, Чүй, Ош, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен облустарында түзүлөт.
Тиешелүү округдук шайлоо комиссияларына аралыктан добуш берүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын түзүү тапшырылды.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аралыктан добуш берүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларын жайгаштыруу үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды үзгүлтүксүз электр энергиясы, байланыш каражаттары, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууда көмөк көрсөтүүгө милдеттендирилет.
Тиешелүү округдук шайлоо комиссияларына мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында түзүлгөн аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участоктору жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Эске салсак, өлкө боюнча участкалардын жалпы саны – 2492. Кошумча 26 шайлоо участкалары шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуулук жаратуу жана алардын добуш берүү конституциялык укугун камсыздоо максатында түзүлөт.