Кыргызстанда алты айга чейинки балдардын 44% гана кошумча тамаксыз эмчек сүтү менен гана багылат
Жаңы Көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөгө (КККИ) ылайык, Кыргызстанда алты айга чейинки балдардын 44 пайызы гана кошумча тамаксыз эмчек сүтү менен гана багылат. Бул көрсөткүч дүйнөлүк орточо 48 пайыздан төмөн болуп, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) 2025-жылга чейин кеминде 50 пайызга жетүү максатынан артта калууда. 1-7-август аралыгында белгиленген Бүткүл дүйнөлүк баланы эмизүүнү колдоо апталыгында ЮНИСЕФ жана ДСУ баланы эмчек эмизип багууну колдоого жана кубаттоого чакырат. Эмчек менен эмизүү – жаш балдардын дени сак өнүгүүсүн камсыз кылуунун эң оңой жана үнөмдүү жолдорунун бири.
«Эненин сүтү табигый эмдөө катары иштейт. Ал ымыркайларды оорулардан коргоп, керектүү азыктар менен камсыз кылат. Балдарыбыздын ден соолугун коргоо үчүн эмдөөнү колдогондой эле, Кыргызстандагы ар бир балага алгачкы күндөрүнөн баштап күч-кубат берүү үчүн эмчек менен эмизүүнү колдоого тийишпиз», – деди ДСУнун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско.
Бирок, эне сүтүнүн пайдасы белгилүү болсо да, Кыргызстанда миңдеген балдар дагы эле эне сүтүнөн ажырап келишет. КККИ сурамжылоосу көрсөткөндөй, бир жашында эне сүтүн эмүүнү уланткан балдардын үлүшү акыркы беш жылда 77,4 пайыздан 68 пайызга чейин төмөндөдү.
«Атайын шарттарды түзүп, колдоо көрсөтүлсө, аялдар балдарын эки эсе көп эмчек менен эмизип багышат. Мындай шарттарды камсыз кылуу үчүн аларды үй-бүлө, медицина кызматкерлери, саясатчылар жана башка чечим кабыл алуучулар колдоого алышы керек. Алардын баары бул жараянда маанилүү ролду ойношот», – деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа.
Жаш балдарды эмчек менен эмизип багууну колдоо жана жайылтуу боюнча сунушталган иш-чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт:
-
- Эмгек мыйзамдарына кош бойлуулук жана төрөт боюнча акы төлөнүүчү өргүү, эмизүү боюнча тыныгуу жана балдарга жеткиликтүү, сапаттуу кам көрүү сыяктуу үй-бүлөгө ыңгайлуу чараларды киргизүү жана алардын сакталышын көзөмөлдөө;
- Мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмизүүнү колдоого багытталган программаларды каржылоону көбөйтүү;
- Өзгөчө кырдаалдардарга байланыштуу же аярлуу топторго тиешелүү болгон аялдардын муктаждыктарын эске алуу менен, аларга балдарын эмизип багууда колдоо көрсөтүү. Анын ичинде негизги саламаттык сактоо пакетинин бөлүгү катары эмчек менен эмизип багуу боюнча өз убагында жана эффективдүү кеңештер менен камсыз кылуу;
- Аналитикалык маалымат чогултуу жана эмчек менен эмизип багуунун көрсөткүчтөрүн андан ары жогорулатуу үчүн атайын колдоо программаларына байкоону жакшыртуу;
- Эне сүтүн алмаштыруучу азыктарды жарнамалоону жана илгерилетүүнү чектеген мыйзамдарды кабыл алуу жана ишке ашыруу. Эмчек сүтүн алмаштыруучу заттардын маркетингинин эл аралык кодексинин бузулушуна мониторинг жүргүзүү.
Кыргызстанда ЮНИСЕФ ымыркайларды жана жаш балдарды тамактандыруу боюнча приоритеттүү иш-чараларды ишке ашырууну колдойт. Бул, мисалы, Эмчек сүтүн алмаштыруучу заттардын маркетингинин Эл аралык кодекси жана Ымыркайга ыңгалуу оорукана демилгеси сыяктуу тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгууну камтыйт.
Балдардын өмүрүн сактап калууда эмчек эмизүү канчалык маанилүү болгонуна көңүл бурдуруу максатында дүйнө жүзү жыл сайын 1-7-август күндөрү Баланы эмизүүнү колдоо апталыгын белгилеп келет. Баланы алгачкы алты айында эмчек эмизип гана багууну коргоо жана колдоо үчүн аталган апталык биринчи жолу 1991-жылы өткөн.