Кыргызстанда акыркы 5 жылда алмурут менен алманын 30 жаңы сорту өстүрүлдү

 Кыргызстанда акыркы 5 жылда алмурут менен алманын 30 жаңы сорту өстүрүлдү

Кыргызстанда акыркы 5 жылда алмурут менен алманын жаңы 30 сорту өстүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда быйыл алмуруттун түшүмү мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшы болуп, сатып алуучулардын саны өстү жана баалар жогорулады. Алмуруттар учурда Алматы шаарына экспорттолуп жатат.

Сатуучулар алмуруттарды муздаткычтарда сактап, Жаңы жылга чейин сатууну пландашууда.

Бүгүнкү күндөгү болжолдуу базар баасы:

  • «Токой» — 55–60 сом/кг
  • «Талгарка» — 50 сом/кг
  • «Апорт» — 35 сом/кг
  • «Рашида» — 25 сом/кг
  • «Томсон», «Кандил», «Кыргызский» — 20 сом/кг

Фермерлердин айтымында, акыркы жылдары алмурут бактарын өстүргөндөр көбөйдү, жаңы сортторду эксперимент катары эгип жаткандар көп. «Токой» сорту акырындык менен калыбына келип, жакшы түшүм берип жатат. Акыркы беш жылда 30дон ашык жаңы сорт чыгарылган.

Түшүмүн көбөйткөн дыйкандар айдоо аянттарын кеңейтүүнү пландап жатышат.

Белгилей кетсек, алмурут минералдарга жана витаминдерге бай болгондуктан, кош бойлуу аялдарга сунушталат. Ал арыктоого, холестеринди төмөндөтүүгө жана организмди чыңдоого жардам берет.

Связанный пост