Кыргызстанда “Айтил” улуттук платформасы иштелип чыкты
Бүгүн Бишкектеги Улуттук илимдер академиясында мамлекеттик тилди санариптештирүү жана өнүктүрүү максатында иштелип чыккан “Айтил” улуттук платформасынын бет ачары өттү.
Иш-чарага мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Улуттук комиссиянын Кеңешме органынын мүчөлөрү жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
Иш-чараны мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев ачып, жаңы платформа тууралуу кеңири маалымат берип, көрсөтүп берди.
“Соңку жылдары санариптештирүү жаатында абдан чоң технологиялык ачылыштар болуп жатат. Жыл эмес, ай эмес күн сайын жаңычылдык кирип жатат. Бир топ алгылыктуу иштер жасалууда. Жасалма интеллект өнүгүп жаткан доордо биздин өлкө дагы четте калып жаткан жок. Биз кыргыздын тил саясатын жүргүзгөн мекеме катары, кыргыздын жасалма интеллект жаатындагы улуттук платформасын түздүк. Платформа 2022-жылдан тарта иштелип, бет ачары мына бүгүн болуп жатат. Эми жарандарыбыз өзүбүздүн жасалма интеллектти өзүбүздүн улуттук платформада колдоно алышат”,-деди ал.
Белгилей кетсек, “Айтил” платформасы “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын” алкагында иштелип чыгып, негизги төмөнкү функцияларды камтыйт:
– Текстти үнгө айландыруу – текстти табигый үндө окуп берет;
– Үндү текстке айландыруу – маек, баяндамаларды автоматтык түрдө текстке өткөрөт;
– Котормо кызматы – он тилден кыргыз тилине жана кыргыз тилинен он тилге которуу мүмкүнчүлүгү;
– Чат-бот – акылдуу жардамчы, кыргыз тилинде маалымат берет, суроолорго жооп кайтарат;
– Видео котормо кызматы – шилтеме аркылуу платформа видеону чечмелеп, мамлекеттик тилде котормону даярдап берет;
– Кыргызча OCR – Документ жана сүрөттөн кыргыз тилиндеги текстти даярдап берет.