Кыргызстанда аба ырайы кескин суукташы күтүлүүдө

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 1–2-октябрда өлкө аймагында аба ырайы туруксуз болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, дыйканчылык аймактарда жамгыр карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Кээ бир аймактарда жаан-чачын катуу болуп, түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү ыктымал.
1-октябрь: Чүй, Талас өрөөндөрүндө абанын күндүзгү температурасы +10–+15°C, кечинде +2–+7°C чейин төмөндөйт.
2-октябрь: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1–6° жылуу, күндүз 10–15° жылуу болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө: Абанын температурасы түнкүсүн 9…14°, күндүз 16…21° жылуу болот.
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1 градустан 6 градуска чейин жылуу, күндүз 10 градустан 15 градуска чейин жылуу болот.
Тоолуу райондордо түнкүсүн -4…1° суук, күндүз 3°…8° жылуу болот.
Бийик тоолуу райондордо абанын температурасы түнкүсүн –5…10°, күндүз –2°…3° жылуу болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Мындай аба ырайы автотранспорттордун, байланыш ишканаларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иштөөсүнө, жайыттарда мал жаюуга жана мал кармоого тоскоолдук жаратат.
2-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо үшүк жүрүшү мүмкүн.
Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0…2°Сге чейин төмөндөйтү
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1 градустан –3 градуска чейин төмөндөйт.
Жарандарга жана кызматтарга жумуш жана саякатка чыгууну пландаштырууда катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү эске алуу сунушталат.