Кыргызстанда аба ырайы -35 градуска чейин төмөндөйт. Синоптиктер чукул билдирүү таратты

 Кыргызстанда аба ырайы -35 градуска чейин төмөндөйт. Синоптиктер чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13-14-декабрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөшү күтүлөрүн эскертет.

 

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 13-декабрда туруксуз аба ырайы сакталат. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарьнда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Ал эми Талас, Баткен облустарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт.

 

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

13-14-декабрда абанын температурасы мындан ары төмөндөшү күтүлөт:

-16 суук болот. Тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24 , күндүз -13…-18 суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -21 …-26, күндүз -14…19 суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35, күндүз -15…-20 суук;

 

– Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -29…-34, күндүз -15…-20 суук болушу күтүлөт.

 

Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

Связанный пост