Кыргызстанда 944 соцкызматкер 8,8 миңден ашуун адамды үйүндө тейлейт

 Кыргызстанда 944 соцкызматкер 8,8 миңден ашуун адамды үйүндө тейлейт

Кыргызстанда шаардык, райондук, райондор аралык башкармалыктарда 944 социалдык кызматкер эмгектенерин билдирди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган улгайган жарандарды, өзүн-өзү камсыз кылуу жана ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендигинен улам өз алдынча жүрүү мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай жоготкон жарандарды, үй-бүлөлүү жубайларды, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү, үйүндө майыптыгы бар адамдарды үйүнө барып тейлешет.

Ар бир социалдык кызматкер башкармалыктын жетекчиси тарабынан бекитилген жеке график боюнча жумасына эки жолудан кем эмес кызмат алуучуга барат.

Үйүнө барып социалдык жардам алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, социалдык жардамга муктаж кошуналардын жана жакын адамдардын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу зарыл.

2024-жылдын 1-октябрына карата 944 социалдык кызматкер 8899 адамды үйүндө тейлейт, алардын ичинен:

  • жалгыз бой кары – картаңдар – 3588;
  • майыптыгы бар адамдар – 2074;
  • жубайлар –193;
  • оор турмуштук кырдаалга кабылган үй бүлөлөр – 3049.

Связанный пост